7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: Тойго барган адамдар массалык түрдө ууланды

1287

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда тойдон адамдар массалык түрдө ууланды. Бул тууралуу Cаламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«250 адам катышкан той кечээ күнү өткөн. Бүгүн саат 19:30га карата уулангандардын саны 58 адамга жеткен. Алардын ичинен төрт аял жана эки бала (6-2 жашта) ооруканага түшкөн. Балдар Кадамжайдагы оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Абалдары орточо оор»,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча, 30-июлда тойканада 250 адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк маараке өткөн.

Белгиленгендей, алгачкы жабырлануучулар 31-июлда саат 18:30дарда Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна кусуу, дене табынын 38-39га чейин көтөрүлүшү, алсыздык, ич өтүү симптомдору менен кайрылышкан (48 адам).

Тактоо учурунда жабырлануучулар этте, майонез кошулган салатта, тоок этинде жыт болгонун белгилешкен.

Учурда кафеге санитардык-эпидемиологиялык текшерүү иштери жүргүзүлүп, жабыркагандардын тизмеси такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1288