Якутскиде өткөн VIII «Азия балдары» оюндарында Кыргызстан командасы 33 медаль алды. Бул тууралуу иш-чаранын сайтында жазылды.
Бул турнир 26-июндан 7-июль аралыгында болуп, 24 спорттун түрү боюнча беттештер уюштурулду. Жалпы 239 комплект медаль ойнотулган.
Кыргызстандын спортчулары 24 команданын ичинен 33 медаль алып, 11-орунду ээледи. Өлкөнүн байге куржунунда алты алтын, 12 күмүш жана 15 коло байге топтогон. Командалык эсепте алдыңкы үчтүктү Өзбекстан, Россиянын Сибирь федералдык округу жана Беларусь ээледи.