Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин «Ата -Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал «Facebook» социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жарыялаган.
Депутат УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тергөө иштери жүрүүдө.