Бүгүн, 25-майда Кыргызстандагы бардык билим берүү уюмдарында окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Бул күнү билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтү уюштурулуп, Бишкек шаарынын укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.
Белгилей кетсек, мугалимдерден жана ата-энелерден акча чогултууга, ошондой эле кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.