Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ишкердик субъектисинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кармалган жаран кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында салык кызматынын кызматкерине 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.