7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дордойдон баасы «140 миң сомдук» айфонду уурдап кеткен аял кармалды (ВИДЕО)

677

Мурда бир нече жолу соттолгон аял уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү “Дордой” базарында элдердин көптүгүнөн пайдаланып, уурулук менен алектенип жүргөн. Шектүү аял жабырлануучулардын жанына барып, сумкалардан капчыктарды жана баалуу мүлктөрдү уурдап изин жашырып келген.

13-август күнү “Дордой” базарында белгисиз адамдар 41 жаштагы аялдын сумкасынан баасы 140 миң турган “iPhone 13” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Жабырлануучу милиция га кайрылып, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери видеокөзөмөлдү карагандан кийин, чөнтөк уурулугуна тиешелүү жаранды табышкан. Ал шектүүнүн башка дагы ушундай кылмыш иштерине тиешеси бар болушу ыктымал. Камерада шектүү уурдалган телефон менен тез кетип жаткандыгын көрүүгө болот. Ошондой эле, ал кайра башка бирөөнүн сумкасына уурулукка кирип жатканы да байкалып калган.

Кылмышка шектүү мурда бир нече жолу соттолгон Нарын облусунун 1976-жылы туулган М.М. аттуу тургуну болгон. Аныкталгандай, шектүү уурдалган телефонду сатып алуучуларга арзан баада саткан.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

678