17-19-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” ден-соолукту чыңдоо борборунда “Мен патриот” аталышында Аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Аскердик кармашып урушуу жана өзүн-өзү коргоо федерациясынын башкы машыктыруучусу Чынтемир Аширалиев билдирди.
Анын айтымында, Баткендеги чек ара окуяларынын курмандыктарына арналып, өткөрүлө турган спорттук иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан баштаган бир катар мамлекеттерден спортчулар келээри күтүлүүдө.
Жалпы байге фонду 250 миң сомду түзгөн спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Иш-чара Аскердик кармашып урушуу боюнча спорттун түрүн жайылтууга, жаштарды дени сак жашоого шыктандырууга, туризмди өнүктүрүүгө жана мамлекеттер аралык достукту бекемдөөгө багытталган.
“Спорттун Аскердик кармашып урушуу түрү өзүнүн көп кырдуулугу менен өзгөчөлөнүп, өзүн-өзү коргоо ыкмаларынын арбын экендиги менен айырмаланып турат. Бул артыкчылык жоокерлер үчүн өтө маанилүү. Андыктан бул жаатта аскерлерибиздин даярдыгын арттырып, шык-жөндөмүн жогорулатышыбыз кажет. Ал эми белгиленген спорттук мелдеш мамлекеттибиздин тынчтыгы, чек арабыздын бүтүндүгү үчүн курман болгондорго арналып өткөрүлөт. Анткени, өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт”, – деген Чынтемир Аширалиев кыргызстандыктарды улуттук армияны руханий жактан колдоого чакырды.