Бүгүн борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 18 жаштагы кыз өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Маалыматты ӨКМдин маалымат кызматы таратты.
Таңкы саат 06:35 чамасында калаадагы Логвиненко көчөсүндө орун алган көп кабаттуу имараттын 10-кабатынан белгисиз жаран боюн таштоого аракет кылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя катталган жергекуткаруучулар тартылып, 11-кабаттан 10-кабатка атайын альпинисттик шаймандары менен түшүп, 18 жаштагы кызды куткарышкан. Кыз ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.