7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БатМУнун ишмердүүлүгүндө одоно мыйзам бузуулар аныкталды

425

Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндө одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Окутуу мекемесинин катышуу журналдарын изилдөө жана тесттик, экзамендик отчеттордун жыйынтыктары көрсөткөндөй, студенттердин көпкө сабакка келбегендигине, анын ичинде тийиштүү тесттерди жана экзамендерди тапшырбагандыгына карабастан, институттун жооптуу кызматкерлери студенттер менен тил табышып, бул фактыны жашырып, студенттердин катышуусуз алардын андан ары билим алышына уруксат беришкен. Окуу жана экзамендерди тапшыруу мезгилинде студенттердин белгилүү бир бөлүгү Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөндүгү жана республиканын башка аймактарында жашагандыгы аныкталган.

Институттун ишмердүүлүгүн объективдүү жана толук текшерүү максатында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде атайын комиссия түзүлүп, анда аныкталган фактылардан тышкары дагы бир катар одоно мыйзам бузуулар, анын ичинде каржылык мыйзам бузуулар да бар экендиги такталды.

Учурда БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндөгү бардык кызмат адамдарынын жоопкерчилигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

426