7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейшеналиев: 35 мамлекеттик дарыкана ачылат

485

Өлкөбүздө 35 мамлекеттик дарыкана ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

“Бир-эки ай ичинде 35 дарыкананын имараты даяр болот. Азыр биздин адистер элге керектүү дары-дармектин тизмесин даярдап, аны кайсы жактан алууну тактап жатат. «Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары өндүрүүчүлөрдөн дары сатып алынып, арзан жана жогорку сапатта элге жеткиликтүү болот”, — деди Бейшеналиев.

Министр өз сөзүндө, Кыргызстанда дары-дармектин 700 түрү чыгарын жана өлкө боюнча 34 завод иштеп жатканын айтып өттү.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште 6-октябрда “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” жана “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

486