Атырау шаардык соту пара талап кылган деп айыпталган Казакстандын ар кандай жекеме-жеке мушташ түрлөрү боюнча чемпиону Аскар Умбетовду узак мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Умбетов жана анын эки шериги, Түштүк Казакстан облусундагы «Көктем» жана «Дина» базарларынын соодагерлерине салык төлөп, зомбулук көрсөтөм же товарларды жок кылам деп коркутушкан.
Соттун жыйынтыгында, алар «Пара талап кылуу», «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана ага жетекчилик кылуу», ошондой эле «Курал-жаракты мыйзамсыз сактоо жана алып жүрүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Бардык айыпталуучулар жети жылга эркинен ажыратылды. Соттолгондор жазасын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөшөт, алардын ар бири жабырлануучуларга компенсация катары 80 миң теңге (188 доллар) төлөп бериши керек.
Аскар Умбетов — каратэ, күжүрмөн самбо, джи-джитсу жана панкратион боюнча Казакстандын чемпиону. ММА боюнча эл аралык мелдештерге катышып, эки жеңишке жетип, үч жолу жеңилүү ызасын тарткан. Акыркы мушташ 2015-жылы жазында Кытайда өткөн «Kunlun Fight» турниринде америкалык Кайл Розевскийге каршы болуп, техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.