7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

741

 

 

 

 

Президент Садыр Жапаров 2-апрелде ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекеттик сыйлыкты жалпы 125 адам алды. Алардын арасында саламаттык сактоонун, эл агартуунун, илим-билимдин, айыл-чарбасынын, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү бар.

Президенттин расмий сайты жазгандай, академиктер Дүйшө Кудаяров, Мамбет Мамакеев, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, жазуучулар Самсак Станалиев менен Советбек Байгазиев жана башкалар сыйланды.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу Жарлыктарга 2020-жылдын август айында кол коюлган.

Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, быйыл өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленерин айтты. Ошондой эле өлкөнүн 30 жылдык тарыхын дагы бир жолу эстеп, кыргыз элин башкы максаттан — мамлекеттүүлүктү чыңдоо мүдөөсүнөн тайбоого чакырды.

Мындан тышкары, алдыда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум өтөрүн, жаңы Конституция эл күткөн туруктуулукту алып келерине ишендирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

742