«Беш-Сары» ЖЧКсынын директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ж.Н.К кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
УКМК «Беш-Сары» ЖЧКсынын жетекчилиги тарабынан жеке менчикти ыйгарып алуу жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүү боюнча алдамчылык фактысын аныктоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысын да аныктады.
2023-жылдын ноябрында компетенттүү органдар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин «Беш-Сары» ЖЧКсынын директору ишкерлер үчүн ижара акыны 30 пайызга төмөндөткөн, бирок май айынан баштап ал мурдагы бааларды кайтарууну көздөгөн. Мындай кадам «Беш-Сары» соода түйүнүндөгү ишкерлердин арасында нааразычылыктын өсүүсүнө түрткү болгон.
Шектүү 29-апрелде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.