7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сахнага арналган өмүр. Сабира Күмүшалиева тууралуу фактылар

985

Кыргыз маданиятына кызмат өтөгөн Кыргыз Эл Баатыры Сабира Күмүшалиева 90 жаштык өмүрүнүн 73 жылын киного жана сахнага арнаган. Кыргыз театрынын Умай энеси атыккан актриса атайын актёрлук билим албаса да табигый жөндөмү, тубаса таланты менен кичинекей эпизоддук образдарды жаркыратып ачып берген. Актриса тууралуу фактыларды топтодук.

  • 1917-жылы 19-мартта Бишкек шаарындагы Төкөлдөш айылында туулган. Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгон.
  • Сабира 1934-жылы Кыргыз драма театрга кабыл алынып, алгачкы жолу Касымаалы Жантөшевдин «Карачач» пьесасында башкы каарман Карачачтын ролун ойногон.
  • 70 жылдан ашык убакыт театр, кино жаатында эмгектенген, 100дөн ашык түрдүү образдарды жараткан.
  • Эл алдында эч качан көз жашын төккөн эмес жана балдарын дагы кайраттуулукка үйрөткөн.
  • Биринчи жолдошу жазуучу Күмүшалиев болгон. Анын фамилиясында Күмүшалиева бойдон калгандыгы айтылат. Ал киши согушка кетип, ошону менен көп жыл дайынсыз болуп кетет… Андан кийин, Муратбек Рыскуловго жолугуп баш кошот.
  • Актёрлук билим албаса да табигый жөндөмү, тубаса таланты менен кичинекей эпизоддук образдарды жаркыратып ачкан.
  • 85 жашка чыгып, торколуу тоюн белгилеген.
  • Казактардын «Адам-бугу», «Боордошум», «Уул тууган», «Согуш учурундагы балдар» жана башка тасмаларында да ролдорду жараткан.
  • Тартылган тасмалары: «Ак кеме», «Кызыл алма», «Эрте жаздагы турналар», «Тайлактын энеси», «Уркуянын энеси», «Фудзиямада кадыр түн» жана башкалар.
  • Сыйлыктары: 1957-жылы «СССРдин эмгек сиңирген артисти» андан кийин «Кыргыз Эл артисти» наамын алган. Эгемендүүлүк жылдарында «Кыргыз Эл Баатырын» алса, 1967-жылы «Кыргыз ССРинин Эл артисти», 2000-жылы КР Баатыры наамын алган.
  • Бишкек шаарында 2007-жылы 15-сентябрда 90 жаш курагында дүйнө салып, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
  • Борбордун жаңы конушундагы көчөгө Сабира Күмүшалиеванын ысымы ыйгарылган.

986