Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенген Египеттин 5 жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Атайын кызмат тарабынан чет элдик жаранды барымтага алуу, андан акча талап кылуу, баңгизаттарды сактоо жана колдонуу, КР миграциялык мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында чет өлкөнүн 5 жараны кармалды.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, алар социалдык тармактар (Telegram мессенджери – Трава шоп группасы) аркылуу «гашиш» баңгизатын системалуу түрдө сатып алуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталды.
Тагыраагы, Бишкек шаарынын бардык райондору боюнча топтун жетектөөсү менен берилген даректерден «заклад» чогултулуп, тиешелүү өлчөмдөр менен чет өлкөлүк студенттерге сатылган.
Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча баңгизаттарды сатуу каналынын негизги уюштуруучусу — Египеттин жараны Ш.А.Х. Биринчи май райондук сотунун токтому менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.
Учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жаштар арасында баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.