7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шашылыш билдирүү! Күн кескин сууктап, үшүк жүрөт

428
26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн күн сууктайт, Нарын, Ысык-Көл облустарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.
Аба ырайы 24-майдан тарта бузулат.
25-26-майда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт.
Шамал да күчүндө болуп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
«27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт», — деп айтылган билдирүүдө.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге зыян келтирет.
Синоптиктер аба ырайынын мындай болуп бузулушу автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатарын эскертишти.
429