Бишкекте көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатындагы батирден өрт чыгып, эки жаран иске ууланган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, өрттөн болжол менен 15 чарчы метр пластик эшик, жыгач терезе жана үй-тиричиликтери күйгөн. Өрттүн кесепетинен И.Д. аттуу эркек жана А.А. аттуу аял иске ууланып, ооруканага жеткирилген.
Учурда өрттүн себеби такталууда.