7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Диндердин өнүгүү тарыхы». Теологдордун нааразычылы боюнча түшүндүрмө

582

“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча «Жумушка албай жатат»,-деген пикир менен нааразы болуп чыккан тараптар Министрлик тарабынан жарыяланган документтерди кабыл алуу мөөнөтүнө жетишпей калган. Тагыраагы, алар учурдагы сабакты өтө турган мугалимдер бекитилип, окутуудан өтүп жаткан учурда гана кайрылышкан. Андыктан жогорудагы айыптоолор негизсиз.

Билим берүү жана илим министрлиги нааразы болгон тараптар менен бош орун бар болгон учурда иштешүүгө даяр экенин билдирет жана теологдорго эч кандай бут тосууларды жасаган эмес.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-июнунда президенттин “КРнын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” № 177 жарлыгы чыккан.

Жарлыкта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин текшерүүсүнөн өткөн теологдорго жана “Тарых” предметинин мугалимдерине аталган предметти окутууга уруксат берилери белгиленген.

Ага ылайык, теологдорду жана “Тарых” предметинин мугалимдерин мектептерге кабыл алуу боюнча квалификациялык талаптар 2022-жылдын июнь айында министрликтин маалыматтык платформаларында жайгаштырылган. Аталган предметти окутуу үчүн жалпысынан 2448 теолог жана “Тарых” сабагынын мугалимдери кайрылып, аларды экспертизадан өткөрүү үчүн жогорудагы органдарга маалыматтар жөнөтүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 2448 адамдын 18и текшерүүдөн өткөн эмес. Калган 2430 адам (анын ичинен 220 – теолог, 2210 – тарыхчы мугалим) 2022-жылдын 15-августунан 2-сентябрына чейин кайра даярдоо курстарынан өткөрүлдү.

Предметтик стандарттын негизинде КРнын жалпы билим берүү уюмдарынын 9-классы үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” окуу-усулдук комплекси (окуу китеби, мугалимдер үчүн усулдук колдонмо) иштелип чыкты. Буга кошумча окуу программасы иштелип чыгып бекитилди.

Окуу китебинин кол жазмасы жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмо тийиштүү экспертизалардан өткөрүлүп, окуу китебине Билим берүү жана илим министрлигинин грифи ыйгарылды.

Кыргыз тилиндеги окуу китеби жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмо ушул жылдын сентябрь айында республикадагы бардык мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына жеткирилип берилет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

583