Бишкекте белгисиз киши дүкөндүн сатуучусуна кол салып, аёосуз сабап салган окуянын видеосу соцтармактарда тарады. Октябрь райондук милициясы төмөнкүлөрдү билдирди.
Окуя 24-апрелде 6-кичи районундагы дүкөндөрдүн биринде болгон. О.Н. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, кол көтөрүп, качып кеткен белгисиз жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык, кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды.
Окуяга шектүү катары 1968-жылы туулган Г.А. аттуу чет элдик жаран кармалды. Ал тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.