Чолпон-Ата шаарындагы «Жетиген» базарынын — «Курортторг Жетиген» ААКсынын акционери жана директору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
«Курортторг Жетиген» ААКнын акционерлери жана жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз финансылык-экономикалык ишмердүүлүк фактылары аныкталды. Алар узак убакыт бою алган кирешелеринин реалдуу көлөмүн жашырып келген. Ысык-Көл облусунун аймагында ар кандай долбоорлорду каржылоо шылтоосу менен ишкерлерден мыйзамсыз түрдө акча чогултушкан.
Кармалган жаран «өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык аракеттери менен каралган» кылмышка шектелүүдө. Учурда тергөө иштери уланууда.