Бишкекте коопсуздук кызматкерлери тоноочулукка шектелгендерди кармады. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 25-декабрь күнү саат 23:40 чамасында Бишкек шаарындагы Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар жабырлануучунун телефонун тартып алышкан.
Маалыматка ылайык, 16 жакштагы жабырлануучу А.Д. Патрулдук милициянын инспекторлоруна келип белгисиз адамдар аны башка уруп 10 миң сомдук Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышканын айтып, арыз менен кайрылган.
«Буга ылайык ыкчам издөө иш-аракеттеринин алкагында Абдрахманов менен Чүй проспектилеринин кесилишинен төрт айыпка шектүү жаран кармалды. Алар 2002-жылы туулган К.Т, 1998-жылы туулган Д.Т, 2000-жылы туулган К.Б жана 2003-жылы туулган А.А. Алардын бардыгы Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн жеткирилди», — деп берилет маалыматта.