7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жергиликтүү Курултай өтүүдө

667

Бүгүн, филармонияда Элдик курултайга катышуу үчүн делегаттарды шайлоо өттү.

Эскерте кетсек, жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууну жергиликтүү кеңештер чечет, алар кезексиз сессиянын чечими менен биринчи жергиликтүү курултайга чакырышат.

Бишкек шаарынында квота боюнча делегаттардын жалпы саны 800 адамды түзгөн, административдик райондордун калкынын санына жараша төмөнкүдөй пропорционалдуу бөлүштүрүлгөн:

— Ленин району — 203 делегат (278,5 жашоочу);

— Октябрь району — 228 делегат (313,2 жашоочу);

— Биринчи май району — 164 делегат (225,3 жашоочу);

— Свердлов району – 205 делегат (281,4 жашоочу).

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайында добуш берүү үчүн маселелерди алдын ала талкуулоо максатында, 2022-жылдын 1,2-ноябрында бардык 4 администрациялык райондорунда делегаттардын жыйындары өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, иш-чара  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августу ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын, ошондой эле  Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 44  “Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу жөнүндө» токтомунун алкагында өткөрүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

668