7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте ЖОЖдун мугалими студенттен 81 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

476

Бишкекте Эл аралык медициналык университеттин окутуучусу пара алып жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, милицияга 2023-жылдын ноябрь айынан бери акча талап кылып, окуусуна кысым көрсөтүп жаткан мугалимге чара көрүү тууралуу арыз түшкөн.

Опузалап талап кылган окутуучу 81 000 сом өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Пара алган эл аралык медициналык университеттин мугалими 1989-жылы туулган И.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

 

 

477