7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Биздин Кыргызстан» 15 мандатын кайтарып алат. Жогорку Сот да партияны жактады

999

Ош шаарындагы кайра шайлоодо 21 500 добуш алган «Биздин Кыргыстан» добуш сатып алууга айыпталып БШК тарабынан шайлоодон четтетилген.    Аталган партия БШКнын чечимине макул болбой, Ош шаардык сотуна кайрылып, сотто акталып чыккан. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши да карап колдогон.

Бирок, БШК кайрадан Жогорку Сотко кайрылган. Кечээ, 30-июль аталган ишти Жогорку Соттун коллегиялык жыйыны карап, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Судьялар Б.Акматов, З. Базарбеков, Д.Боронбаева)

Бул кабарды партиянын лидери, Айбек Осмонов кабарлап, соттун протоколун жарыялады. 

«КРнын Жогорку Соту дагы биздин Ош шаарындагы шайлоодогу жыйынтыгыбызды тааныды! Демек, ар бир берилген добуш өз ордун тапты, бааланды.  Биз буйруса, эгер ушундай акыйкаттык болуп турса, өлкөбүздүн келечегине албан салым кошо алабыз деп айта алам. Ынтымагыбыз бекем болсун! Элибиз бар, биз бар! Акыйкат бар, демек өнүгүү жолуна кадам таштадык. Ушул жолубуздан адашпайлы!«, -деп жазат депутат Осмонов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1000