7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө Балыкчы-Бишкек каттамындагы поезддин айнектерин сындырышкан

624

1-августта саат 21:18де «Балыкчы-Бишкек» каттамында Дмитриевка — Кант станциясынын участогунда №609-поездде белгисиз адамдар көчө тараптан вагондордун айнектерин сындырышкан. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу”ишканасынан билдиришти.

«ВИП», «Люкс» вагондорунун, жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелери сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган. Бул иш-аракет жүргүнчүлөргө жана туристтерге ыңгайсыздык жаратпастан, алардын коопсуздугуна да коркунуч келтирди.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында окуя болгон жердеги сынган терезелер убактылуу скотч менен жабылып, поезд өз жолун уланткан. Бирок, мындай окуялар олуттуу кесепеттерге алып келип, жүргүнчүлөр, туристтер жана коштоочулар үчүн кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн.

“Поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургундардан тартипти жана жоопкерчиликти бекем сактоосун өтүнөбүз. Сураныч, поезддин жүргүнчүлөрү үчүн кооптуу жагдайларды жаратпоону жана поезд байланышынын бардык коопсуздугун чогуу сактоого чакырабыз.
Мындай жагымсыз окуя материалдык гана эмес, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна да коркунуч келтирет. Темир жол транспортунда коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо ар бирибиздин милдетибиз”,-деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625