Боз балдардын эрдигин дагы, кош этектин делбирин дагы көз жадымдан түшүрбөгөн кыргызымдын айымдары: «Кызга кырк үйдөн тыюу», «Кыз бар үйдө кыл жатпайт» деген ж.б.у.с жазылбаган нарк мыйзамдары менен тарбияны кыйытып, таасирди уютуп, атанын куту, эненин сүтү менен ар-намыс, абийир, адеп, иймен-ийкем, сый-урмат түшүнүктөрүн учурга түгөл жеткирип келишпедиби.
Айыл алаканга салгандай көрүнгөн айдөөш жерде чоң апа ийик ийрип отурду. Жанында беш таш ойноп шаракташкан небере кыздары.
Четтеги боз үйдөн кумган чылапчын көтөрө чыккан, бой жетерге чамалаш кыздар чачтарын жазып, бири-бирине кезек менен суу куюшуп, чылапчындан суу ашырбай баштарын жуушту дагы, мал баспаган таштын коңулуна сууну жашырып төгө үйгө жөнөштү. Саресептеп отурган чоң апа: «Чач жууган суусун дагы бейтарап чачпаган, жан жок жерде да адебин сактаган, садагаларым! Сан кылым ашкан наркыңдан айланайын, Улуу журтум!» деп алкап, жашылданган көздөрү менен неберелерин бооруна кысып эркелетип жиберди…