Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео билдирүү жасап төмөндөгүлөрдү билдирди.
“Президент Садыр Жапаровго карата кандай гана каралоо болбосун, андай калптардын өмүрү кыска. Тарап жаткан жалааларга так далилдер, ынанымдуу фактылар менен жообубуз дайым даяр. Айтылып жаткан жана мындан ары дагы жарыялана турган калптарга ишенбөөгө чакырабыз”,-деп берилет билдирүүдө.