7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты (ВИДЕО)

770

Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, Айпери Медет кызы 76 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалында Эквадордон келген Генесис Вальдес менен күрөштү. Алгач бутуна кирип эки упай топтой алды, көп өтпөй эквадордук спортчунун далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады.

Ал эми чейрек финалда кыргызстандык спортчу индиялык Бипаша Бипашанын далысын жерге тийгизип таза жеңишке ээ болду.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын атынан чемпионатка кыз-келиндер күрөшү боюнча эки спортчу аттанып, Назира Марсбек кызы (57 кг) эртең килем үстүнө чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

771