7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дааратканага жашырынып, ири суммадагы пара алган судья кармалды

544

Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылган Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

20-мартта Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. жана ортомчу болуп иштеген адвокат Г.М.В. өзгөчө ири өлчөмдө, тактап айтканда 12 миң АКШ долларын опузалап пара талап кылгандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө судья жактоочу менен жашыруун сүйлөшүү жүргүзүү максатында, видеокөзөмөл камералары жок болгон жерлерде, тагыраагы өзүнүн дааратканасында жолугушууларды өткөргөндүгү, ал жерде соттук актыларды алардын пайдасына оң чыгаргандыгы үчүн айрым айыпталуучулардан алган акчалай сый акыларын өз ара бөлүштүргөндүгү такталган.

21-мартта аталган судья Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК Жогорку сотунун жетекчилиги менен биргеликте сот бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

 

 

 

 

 

 

545