7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ирандын президенти Садыр Жапаровду куттуктап, ийгиликтерди каалады

494

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Сейед Эбрахим Раиси Нооруз -бул байыркы салт гана эмес, тынчтыктын, ынтымактын жана жаңылануунун символу экенин, региондогу элдердин маданияты менен тарыхында бекем орун алгандыгын белгиледи.

“Жазгы күн менен түндүн теңелиши жана жаратылыштын гүлдөп, жердин кубулушу менен бардык адамдардын жүрөгүн жана рухун жакшы, жогорку сапаттар ээлеп, ал эми жаман жана ыплас нерселер адамдын жүрүм-турумунан жана иш-аракеттеринен жоголот, адамдардын жашоо шартында терең өзгөрүүлөр орун алып, ошондо биз коомдун өсүп-өнүгүшүнө күбө болобуз деп ишенем”, — деп айтылат Иран Ислам Республикасынын президентинин куттуктоосунда.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүү жана бакыт каалады.

 

495