Клариса Мурхия аттуу Аргентиналык блогер Airbnb онлайн аянтчасынан Италияда эс алуу үчүн жай таап, деңиздин көрүнүшү үчүн кошумча акча төлөгөн.
Бирок номерге жайгашкан соң, ал деңиздин ордуна коңшу үйдүн дубалына илинген деңиздин плакатын көргөн. Блогер алданып калганы тууралуу ролик тартып, аны тиктокко жүктөгөн. Видео 3 миллиондон ашык көрүүнү топтогон.