7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү Казакстанда өтө турган Көчмөндөр оюндарынын программасына кирди

616

Көк бөрү Казакстанда өтө турган V Көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Рамис Жунусалиев кабарлады.

Анын айтымында, бул маселе Садыр Жапаровдун апрелдеги Казакстанга болгон иш сапарында чечилген.

Сентябрда Казакстанда өтчү Көчмөндөр оюндарына эми Кыргызстан көк бөрү жана көкпар боюнча эки курама команда даярдап бармакчы.

Буга чейин көк бөрү Көчмөндөр оюндарынын тизмесине кирбей калганы айтылган. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү менен таанышуу үчүн Астанага барган делегация аталган оюндарды тизмеге киргизүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстан көк бөрү, көкпар боюнча эки курама команда алып келүүгө даяр экендигин билдирген.

 

 

617