7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Электрондук эмгек китеби» ишке кирди

292

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте «Электрондук эмгек китеби» автоматташтырылган маалыматтык системасын «e-Kyzmat» платформасынын алкагында иштеп чыкты.

Бул система эмгек китебинин кагаз түрүндөгү жазууларынан электрондук жазууларга өтүүгө багытталган бул кызматкерлердин эмгек ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды электрондук форматта жеткиликтүү кылат.

Электрондук эмгек китеби системасында кызматкер өзүнүн эмгек ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды, билими жөнүндө, сыйлыктар жөнүндө, наамдарды, класс чендери жана башка маалыматтарын көрө алат. Система кызматкерлерге эмгек ишмердүүлүгү тууралуу жазууларга жасалган өзгөртүүлөр тууралуу убагында маалымдоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Долбоор ушул жылдын 23-октябрынан тартып Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү башкаруу агенттигинде, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде, Санариптик өнүктүрүү министрлигинде пилоттук режиминде ишке кирген.

Ал эми кийинки этапта төмөндөгү кызматчылардын “Эмгек таржымалы” киргизилет:

Биринчи этапта мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын камтып, бул мекемелердин кызматкерлери өз эмгек китепчелеринин маалыматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Экинчи этапта система жеке жана мамлекеттик эмес уюмдарга киргизилет. Бул долбоор мамлекеттик башкаруунун санариптештирүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Пилоттук режимдеги ишке киргизуу ийгиликтүү аяктагандан кийин, система республикалык деңгээлде кеңири колдонууга киргизилет.

293