7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар күчөтүлүүдө

130

Жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар күчөтүлүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

«ИИМдин эки айлык иш-мерчеминин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктарынын алдын алуу, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга, каттуу ылдамдыктар менен айдап, автоээнбаштык жасагандарга, жалган мамлекеттик жасалма номур менен унаа башкаргандарга тийиштүү чараларды көрүү, ошондой эле айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн арасында пропагандалык түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында өлкө аймагында «Бахус» аталышындагы рейдтик иш-чара өткөрүүдөбүз»,- деп берилет билдирүүдө.

Мындан сырткары эки айлык иш-мерчемдин тийиштүү талаптарын аткаруу максатында ЖКККББнын кызматкерлери аймактарда жергиликтүү тургундар менен, мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү жана мектеп мугалимдери менен жеринен жолугуп, коопсуздук багытында түшүндүрүү, жеткирүү, эскертүү иш-чараларын күчөтүшүүдө.

Эскерте кетсек, жыл башынан тартып, өлкө аймагында 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 9 миңге жакын жарандарыбыз ар кандай жаракаттарды алышып, тилеке каршы 640 жараныбыз жол кырсыгынан көз жумушкан. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу адам өлүмү жана жаракат алуу учурлары бир топ пайызга азайганы менен, бүгүнкү күндө дагы эле болсо маанилүү көйгөй болуп калууда. Ошондуктан бул багытта жол коопсуздугун көзөмөлдөө, айдоочулардын жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат алып баруудабыз.

131