7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмне үчүн кайдыгербиз?! Электрондук тамекиге тыюу салуу кайра сунушталды

880

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов электрондук тамекиге тыю салууну сунуштады.

“Мен Таласка, Кочкорго барып келдим. Ар бир бала колуна энергетик кармап жүрөт. Балдар бурчка барып бир нерсе кылып жатышканынан жанына барсам, электрондук тамеки тартып жатышыптыр. Энергетиктер боюнча кийинчерээк айтам, азыр электрондук тамеки тууралуу айтайын. Жогорку Кеңешке келгенибизге 1,5 жыл болду. Ким гана айткан жок? Биз балдары ойлойбузбу? Аны жаап койгонго эмне каршы болуп жатат? Эмне үчүн кайдыгербиз? Бишкекте 153 расмий түрдө электрондук тамеки саткан дүкөндөр бар экен. Биз муну жабалы. Биздин фракция мыйзам долбоорун даярдайт”,— деди Кокулов.

Ошондой эле, ал өз сөзүндө дүйнө эли балдарды коргоо үчүн 40 миллион доллар сарптарын, ал эми биздин өлкөдө 1-2 ишкердин иши үчүн күнүгө балдар өлүп жатканын айтты.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

881