7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата 2 кылмыш иши козголду

655

Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 7-каналга Башкы прокуратурадан билдиришти.

Атап айтканда, 2021-2022-жылдары КРнын энергетика министри Бекмурзаев, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Россия Федерациясына болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген.

Мындан тышкары, министр Бекмурзаев, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо «Б.» ЖЧКга жалпысынан 15 млн. сомдон ашык зыян келтирилген.

Натыйжада, энергетика министри Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

656