7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Тажик милиция кызматкери 33 кг баңгизат менен кармалды (видео)

593

Үч кишиден турган тажик жарандары Кыргызстан аркылуу Казакстанга ири өлчөмдөгү баңгизат алып өтүп жаткан жерден кармалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын бири Тажикстандын милиция кызматкери экендиги тастыкталган.

Тинтүү учурунда алардын жанынан 11 кг 299 грамм «апийим» жана 21 кг 942 грамм «гашиш» заты табылган. Баңгизаттардын жалпы салмагы 33 кг 241 граммды түзгөн.

Факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү менен катталып, бир жылдан бери иликтөө жүрүп жаткан. Атайын операциянын негизинде кылмыштуу топтун үч адамы: уюштуруучусу 1960-жылы туулган О.А., анын шериги 1982-жылы туулган И.М. аттуу Тажикстандын жарандары, ошондой эле ушул эле өлкөнүн Ички иштер министрлигинин кызматкери, милициянын улук сержанты кармалды.

Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилди.  Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594