7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күйөөсү ала жипти аттаган аялына өчөшүп эки баласын, өзүн өлтүрдү

214

Башкирияда ала жипти аттаган аялына өчөшүп эки баласы менен кошо өзүнүн өмүрүн кыйган факт катталды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.


Маалыматка ылайык, ал өз өмүрүн кыяр алдында инисине аудио билдирүү жөнөткөн.


Билдирүүдө, «Кош болгула! Аялым көзүмө чөп салды. Аны менен корпоративде бирге болгондугун жана сүйөрүн да айтты. Жакшы калгыла. Мен балдарды өзүм менен чогуу ала кеттим», — деп жазылган.


«37 жаштагы Фазил Халиковдун жубайы Галия корпоративдик кечеде болуп, кечинде үйүнө кайтып келген эмес. Күйөөсү ага түнү бою телефон чалган, бирок ал жооп бербегенден кийин, шектене баштаган. Фазыл аялынын түнү бою кайда жана ким менен жүргөнүн билүү үчүн жумушка атайылап барбай койгон. Көрсөтүү учурунда аял чыккынчылык кылгандыгын мойнуна алган. Андан кийин күйөөсү 6 жаштагы уулун жана бир жаштагы кызын алып, алар менен сейилдөөгө барарын билдирген. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, Халиков аялына байланышып, кызы буга чейин өлүп калганын, уулу жакын арада өлөөрүн айткан. Андан кийин ал байланышты токтотуп салган. Бир нече сааттан кийин тергөөчүлөр алардын денелеринде көмүр кычкыл газына уулануу белгилери бар экендигин аныкташкан. Азыр бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

215