7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин иши боюнча казакстандык ишкерге издөө жарыяланды

159

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого байланыштуу казакстандык ишкер, «Вертекс Голд» компаниясынын ээси Жуманбаев Владимир Викторовичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

«Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстан Республикасынын ири бизнесмендеринин бири- Жуманбаев Владимир Викторович тарабынан каржылоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Жуманбаев Көлбаевдин мыйзамсыз иш-аракеттерин, тагыраагы рэкетчилик жолу аркылуу опузалап акча алуу, кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден акча каражаттарын чогултуу, ошондой эле «адам өлтүрүү», «адам уурдоо» жана «кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу» беренелери боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттуулугу бар экендиги жөнүндө билип туруп, КР аймагында колдоо алуу максатында биргелешкен бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн, «Мыйзамдагы ууру» Көлбаев менен байланыш түзгөн.

Жуманбаев КР аймагында алтын казып алуу, кендерди жана баалуу металлдарды байытуу менен алектенген «В.Г.К» ЖЧКсынын компаниясынын ээси болуп, 2021-2023-жылдар аралыгында алтын казуучу компаниянын жооптуу кызматкерлери анын көрсөтмөсү менен уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо катары Көлбаевге ай сайын 1 млн. сомдон которуп турушкан.

Ошол эле учурда Жуманбаев Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Барс» эс алуу борборунун аймагында К.Асанбек менен бир нече жолу эс алуу жана жолугушууларды өткөрүп, ал жерге жеке учактары менен келген.

Белгилей кетсек, сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн алкагында
«В.Г.К.» ЖЧКсы тарабынан кирешелердин реалдуу көрсөткүчтөрүн жашыруу максатында, КРнын мамлекеттик органдарына алтын кендерин казып алуу жөнүндө жалган отчеттук маалыматтарды киргизүү фактылары аныкталды. Мындай аракеттен улам, республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Чогултулган материалдардын негизинде В.Жуманбаевге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана «Интерпол» улуттук борбордук бюросу тарабынан издөө жарыяланган.

 

160