Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду. Аны бул кызматка Садыр Жапаров сунуштап, макулдук алуу үчүн парламентке киргизген.
Максат Асаналиев 2022-жылдан бери Ош облусунун прокурору кызматын ээлейт. Ал 46 жашта. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган.
Эске салсак, 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кеткен. Бүгүн Жогорку Кеңеш Курманкул Зулушевди башкы прокурорлуктан бошотууга макулдук берди.