Ош шаарында мончодон өрт чыгып, 7 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 5-июнь күнү Ош шаарынын Кокумбий көчөсүнүдө жайгашкан «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып ( котел), өрт чыккандыгы тууралу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 14:06да Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, өрт 14:56да толук өчүрүлгөн.
Тилсиз жоонун кесепетинен 7 адам жабыркап, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди.
Кошумча маалымат берилет.