7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо кышкы туристтик сезон ачылды

536

Каракол тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага коңшу өлкөлөрдөн жана алыскы аймактардан келген коноктор катышты.

Облустун башчысы Эмилбек Абдыкадыров башка өлкөлөрдөн келген туристтердин көңүлүн буруу үчүн кышкы туризм тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Каракол тоо лыжа базасында кышкы сезондун ачылышы туристтер жана активдүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет. Аларга кереметтүү тоо трассаларын гана эмес, жаратылыштын кооздугуна жана Кыргызстанда активдүү эс алуу үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт” — деп айтылат билдирүүдө.

537