7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо жаранды бычактап кетишкен шектүүлөр кармалды

647

Каракол шаарында жаранды бычактап кетишкен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 11-май күнү, болжол менен түнкү саат 21:30 чамасында Каракол ШИИБге Күчүкова көчөсүндө жайгашкан үйдөн адамдын жардам сурап кыйкырган үнү угулуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери барган учурда аталган үйдүн терезесинен эки жаран секирип, качууга аракет кылышкан. Качып бараткандардын бири кармалып, ал Каракол ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилген. Шектүүнүн өздүгү аныкталып ал Чүй облусунун Сокулук районунун 28 жаштагы тургуну Т.У. болгон.

Тез жардам кызматы 38 жаштагы үй ээси С.И. аттуу жаранды ооруканага жеткиришкен. Анын денесинде бычактан алган көптөгөн жаракаттары болгон. Жабырлануучу Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Аталган окуя Кылмыштардын бирдиктүү реестерне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө экинчи качып кеткен жаран кармалып, ал Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылынын 33 жаштагы тургуну О.У. болгон.

Сурак учурунда, кылмышка шектүүлөр күнөөсүн толугу менен мойнуна алышып, ошол күнү спирт ичимдигин ичип отурушканын айткан. Андан соң жабырлануучуга көптөн бери таарынычын эстеп, анын үйүнө келишкен. Андан соң, үй ээсин таяк менен эсин оодара чабып, үйүнө киргизип алып бир нече жолу бычак менен денесине залал келтиришкен.

Шаардык соттун чечими менен шектүүлөргө карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынып, учурда тергөө амалдары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

648