7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде унаа оодарылып кетип, 20 жаштагы айдоочу көз жумду

709

Чүй облусунун Кемин районунда “Honda Fit” үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында “Honda Fit” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен.

“Кырсыктын кесепетинен 2001 -жылы туулган айдоочу Э.И. көз жумду. Окуя болгон жерге  Кемин шаардык ӨКМнин 4 куткаруучусу барышып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710