Кеминдик 39 даштагы келин 8 айлык баласы менен дайынсыз. Бул тууралуу анын эжеси Салтанат Жунушова жергиликтүү маалымат булактарына билдирген.
Анын билдирүүсүнө ылайык, анын сиңдиси Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылынын 39 жаштагы тургуну Гүлзада Сапитова 8 айлык баласын алып, 5-декабрь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.
Бул тууралуу маалымат Кемин райондук милиция бөлүмүнө 12-декабрда кайын агасы тарабынан кабарланган.
«Сиңдимдин кайын агасы Кемин райондук милициясына 12-декабрь күнү арыз жазыптыр. Биз дагы барып жазалы десек, болду бир эле арыз жетет дешти. Сүрөтүн бердик. Сурасак, «азырынча издеп жатабыз, дайын жок» деп билдиришти. Телефону башында иштеп жаткан кийин такыр эле өчүк. Жанына баласынын бир сыйра кийимин алып эле кетиптир. 5-декабрь күнү эч кимге эч нерсе айтпастан баласын көтөрүп алып эле чыгып кетиптир. Негизи сиңдимдин 7 баласы бар. Турмуш куруп өз алдынча жайланышып кеткендерден сырткары колунда 4 кызы бар. Учурда 4 баланы турмушка чыккан улуу кызы үйүнө алып кетти. Өзүм болсо Бишкекте турам. Биз телефон аркылуу сүйлөшүп абалын сурап турчубуз. Күйөөсү былтыр каза болгон, ошол учурда сиңдимдин боюнда бар болчу», — деп билдирди эжеси Салтанат.