7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коомчулукка видео кайрылуу жасаган милициянын майору 2 айга камалды

362

Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулу 2025-жылдын 20-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.

Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-ноябрда чыгарганы маалым болду. Милиция кызматкерин камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча тергөөчүсү берген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып коюлууда. 26-ноябрда Абдисатар уулу ИИМге өзү барып, тергөөдөн качпаганын, издөөгө алынганын билбей жүргөнүн айткан. Ошол эле күнү кечинде Фейсбуктагы баракчасына кармалгандан кийин кыйноого кабылганы тууралуу билдирүү жарыялаган.

363