7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кош бойлуу медайымды сабоого шектелген аял кармалды

675

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине «С.А.» Улуттук госпиталынын медайымынын денесине залал келтирген «Б.А.»га карата чара көрүү өтүнүчү менен медайымдар ассоциациясынан кайрылуу түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө ушул жылдын 19-февралында медайым оор абалдагы оорулууну таңуу процедурасын жүргүзүү үчүн аялды палатадан чыгып кетүүсүн суранганын, бирок акыркы эскертүүгө карабастан ал терс мамиле жасап, кош бойлуу  медайымды себепсиз сабаганы аныкталган.

Натыйжада медайымдын башынын жумшак ткандары көгөрүп, «Боюнан түшүү коркунучу бар» деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Аталган фактыларды текшерүүнүн жыйынтыгында УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 

676