7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаранды 400 миң долларга алдап кеткен Курулуш компаниянын директору кармалды

629

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-июнь күнү Башкы прокуратурага жаран курулуш компанияларынын биринин Д.М. аттуу башкы директоруна карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Себеби, 2022-жылдын 10-майда “Көк-Жар” кичи районунда жабырлануучунун ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен жасалма инвестициялык келишимин түзүп, акча каражатын көбөйтүп берем деген шылтоо менен 400 миң АКШ долларына ээ болду. Андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иштери козголду.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүүгө карата 2 айга камакка алуу бөгөт кою чарасы тандады.

630