7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Дүйнөлүк оюндарда 10-орунга көтөрүлдү

357

Кыргызстандык спортчулар Эр-Риядда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 10-орунга көтөрүлүштү. Бул тууралуу маалымат Wrestling Liveresults сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 27-октябрга карата өлкө эсебинде 4 алтын, 2 күмүш, 7 коло медаль бар.

Казак күрөшү боюнча кыз-келиндер арасында 60 кг салмакта Бегай Бейшеналы кызы, алыш күрөшү боюнча эркектер арасында 90 килограмм салмакта Азизхан Мусабек уулу, 70 килограмм салмакта Марлен Абдрасулов, кыз-келиндер арасында 55 килограмм салмакта Элзада Момунжанова алтын медаль алышты.

Эскерте кетсек, Эр-Рияддагы Бүткүл дүйнөлүк оюндар 25-октябрда башталган. Кыргызстандын спортчулары оюндардын 15 түрүнөн күч сынашып жатат. Турнир 30-октябрда жыйынтыкталат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

358