7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан — Катар беттешинде ооз ачуу жана намаз окуучу жай уюштурулат

247

25-мартта 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы, Азиянын  учурдагы чемпиону Катар курамасы менен беттешет. Оюн борбор калаанын башкы аренасы – Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп, саат 19:45те башталат. Ал эми, саат 17:45те стадиондун кире бериштери ачылат.

Рамазан айына туш келген бул футбол майрамында көрүүчүлөр стадиондо ооз ачып, акысыз даам тата алышат. Бул күнү күйөрмандар оюнга гана күбө болбостон, чыныгы кыргыз маданиятынын атмосферасын сезе алышат. Ал эми, намаз окугандар үчүн намаз окуучу жай уюштурулат.

Белгилей кетсек, бул 2025-жылдагы улуттук курама команданын өз үйүндөгү алгачкы беттеши. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

Оюнга билеттер kassir.kg сайтында жеткиликтүү.

248